МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Токтосун Атаев атындагы

жалпы жана орто билим берүү мектебинин тарыхы

1932-жылы кат сабатсыздыкты жоюу максатында 4 жылдык мектеп ачылып, кыргыз тилинде сабак ѳтүлѳ баштаган. Бара-бара орус тилдүү калк үчүн мектеп да болгон. Бул жылдар 1950- жылга туура келет.

1960-1978-жылга чейин айылдын «Береке» пансионатында «Восход» пионер лагеринин имаратында 8 жылдык мектеп иштеп келген. Айылдын алгачкы мугалимдери: Осмонов Токтомамбет, АтаевТоктосун, Шамбетов Бекбосун, Чокоев Кемез, Зарыл эжей, Саликан Эжейлер болушкан. Мектептин түптөлүшүн  о.э. айылдын мектебин райондук жогорку деңгээлге жетишүүсүнѳ ѳз мезгилинде зор салымын кошкон мектеп  директорлору:

1952-1962-ж.ж. - Исраилов Шарше

1962-1969-ж.ж. - Осмонов Токтомамбет

1969-1973ж.ж. - Садырова Нурила

1974-1987-ж.ж.- Атаев Токтосун Атаевич

1988-1990-ж.ж.- Турдубеков  Курманбек,

1990-1996-ж.ж.- Кожоев Чыныбай

1996-2000-ж.ж. - Усубалиев  Эмил

2000-2004-ж.ж.- Березкина Т.Н.

2005-2010-ж.ж.- Сыдыкова Бурулжан

2010-ж. - Атаева Майрам Токтосуновна

1975-ж. Прогресс айылына жаңы типтеги, эки кабаттуу мектептин курулушу башталып, анын башынан аягына чейин кѳз салып, эмгектенген агайыбыз мектеп директору Токтосун Атаевич Атаев эл сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болгон, о.э. билим берүүдѳгу зор эмгеги үчүн мамлекеттин кѳптѳгѳн сыйлыктарына татыган. 

Азыркы учурда мектеп директору Жумабекова Асель Асановна окуу-тарбия иштерин жигердүү көзөмөлдөп, ошондой эле мектептин жалпы аянтындагы иштерин 

Мектеп жамааты болгон 43  мугалим талыкпастан эмгектенүүнүн үстүндѳ.