Өзүн-өзү баалоо отчету"Т.А.Атаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби"Программалык аккредитация1.КиришүүКыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын 40-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Негизги жана/же орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоо тартибин жана негизги жалпы жана/же жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу, аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" Токтомунун 2020-жылдын 30-мартындагы №189-редакциясына ылайык,Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районундагы, Т.А.Атаев атындагы орто мектебин беш жылдык мөөнөт өткөндүгүнө байланыштуу аккредитациядан өткөрүү боюнча комиссиясы 2023-жылдын 1-февраль айында өзүн-өзү баалоо иш-планын түзүп,билим сапатын минималдык талаптар боюнча текшерип, мектептин ишмердүүлүгүнө калыс баалоо жүргүздү.*Бактуу-Долоноту айылынын Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районундагы,Бостери айыл өкмөтүнө караштуу кыштак.*1932-жылы кат сабатсыздыкты жоюу максатында 4 жылдык кыргыз мектеп ачылган.*1950-жылдары - мектепте орус жана кыргыз тилинде сабактар өтүло баштаган.*1960-1978 - жылга чейин "Береке" пансионатында "Восход" пионер лагеринин имаратында 8 жылдык мектеп иштеп келген.*1978 - ж.Прогресс айылына жана типтеги,эки кабаттуу 1-11 класстары үчүн мектеп курулган. Жалпы аянты - 2720 чарчы м.кв.Мектептин проектилик кубаттуулугу 800 бала эсептелинген, азыркы учурда 591 бала билим алып жатат. Окуучулардын саны - 591, класс комплектиси - 24.Азыркы учурда Т.А.Атаев мектебинде 43 мугалим эмгектенет.Мектеп өзунүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамына,Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук - ченемдик актыларга жана мектеп Уставына таянып жүргүзөт;Юстиция башкармалыгы тарабынан бекитилген күбөлүктүн номери ГПЮ №014Каттоо номери ОКПО 20957220Каттоо датасы 18-декабрь 2012-ж.Окуу план жана штаттык расписаниеси Ысык-Көл райондук Билим берүү бөлүмү тарабынан 5-сентябрда бекитилген.Идентификациялык салык номери 01201200710053Мектеп айыл өкмөтү,окуучулардын ата-энелери,милиция кызматкерлери,врачтар менен байланышта болуп алар менен иш алып барып турушат.